"Росатом": суутек энергиясы Кыргызстан үчүн реалдуу нерсе

Адис белгилегендей, бул багыт бир катар өлкөлөрдө өнүгүп келе жатат жана убакыттын өтүшү менен ал кайра калыбына келүүчү энергия булагын алмаштырышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Суутек энергиясы Кыргызстан үчүн фантазия эмес, реалдуу нерсе. Бул тууралуу "Росатомдун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Константинов билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанга россиялык компаниялардын эл аралык бизнес миссиясы келген. Константинов бул миссиянын алкагында өтүп жаткан жыйынга катышты.
"Суутек энергетикасы Кыргызстан үчүн фантазия эмес. Кыргызстанда суутек энергетикасын өнүктүрүү үчүн эбегейсиз потенциал бар", — деди ал.
Адис белгилегендей, бул багыт бир катар өлкөлөрдө өнүгүп келе жатат жана убакыттын өтүшү менен ал кайра калыбына келүүчү энергия булагын алмаштырышы мүмкүн.
"Суутекти электролиз аркылуу алууга болот, бул үчүн суу керек. Кыргызстандын суу потенциалы абдан чоң, электролиздин жардамы менен гидроэнергетика жана жашыл суутек да өндүрсө болот", — деди Константинов.
Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан бизнес миссияны Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду Россиянын экспорттук борбору менен биргеликте уюштурду. Негизги максат — РФтин өндүрүүчүлөрү, инвесторлору жана экспортчулары менен Кыргызстандын ишкерлеринин ортосунда бизнес байланыштарды түзүү. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө.
Акылбек Жапаров Санкт-Петербург экономикалык форумуна катышат