Новиков: Кыргызстан импорттоочудан экспортко багыт алган өлкөгө айланууда

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бир жыл ичинде жаңы деңгээлге көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан импорттоочу өлкөдөн экспортко багыт алган өлкөгө айланып бара жатат. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга россиялык компаниялардын эл аралык ишкерлер миссиясы келген. Мунун алкагында жыйын өтүүдө.
Новиковдун айтымында, 1-июль күнү Кыргызстан менен Россия президенттеринин макулдашуусунан улам фонд ишин жандантып, толук кандуу иштей баштаганына бир жыл толот. Бул мезгил аралыгында фонд жаңы деңгээлге көтөрүлө алган.
Новиков бир нече санга токтолду:
фонд каржылаган ишканалардын кирешеси жалпы 28 пайызга жогорулап, 59 миллиард сомду түзгөн. Бул ИДПнын 8 пайызы;
фонд каржылаган ишканалардын экспорту 60 пайызга жогорулаган, Россияга мурдагыдан үч эсе көп товар жөнөтүлүүдө;
былтыр фонддун ишканаларында 1000ден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлгөн.
"Бул эмнеден кабар берет? Кыргызстан акырындап импорттоочу өлкөдөн экспортко багыт алган мамлекетке айланып бара жатат. Мында өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши да маанилүү роль ойноду", — деди Новиков.
Бийлик россиялык бизнесмендерге жеке менчик кол тийбестигине кепилдик берди