БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков кунардуулугу төмөн жайыттарга бак тигүүгө ижарага берүү мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.
Ал бүгүнкү күндө кунардуулугу төмөн жайыттар жөнүндө ар кандай кайчы пикирлер айтылып, абдан жакшы жайыттар дагы трансформацияланып ижарага берилип кетет деген ой элдин арасында калыптанып жатканын белгиледи.
Министр эч нерсе өспөй какшып турган жерлерди гана айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүү пландалганын айтты.
Ошондой эле ал кунарсыз жайытты көрсөтүп, анын эле жанында жарандар ижарага алып өрүк тигип көрктөндүргөн жерди салыштырды.
"Бул жерге кыргызстандыктар өсүмдүк өстүрүп, биринчи кезекте үй-бүлөлүк шартын жакшыртып, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө салым кошушат. Дал ушул максатта мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштадык. Биз түшүмдүүлүгү жогору, мал жаюуга жараган жакшы жайыттарды трансформациялабайбыз. Ал эми кунардуулугу төмөн жайыттарды дыйкандарга башка айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга укук берели деп жатабыз", — деди Жаныбеков.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү 500 миң гектар кунарсыз жайытты жеке тараптарга ижарага берүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда артка кайтарган.