БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан өткөн чак менен кармашып, касташпайт, Ленинди жана Александр Пушкиндин тилин урматтайт. Мындай пикирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
Эске салсак, Кыргызстанга россиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу ишкерлердин миссиясы келген. Анын алкагында атайын отурум өттү.
"Мамлекеттик бийлик бизнес менен диалог кылууга дайыма ачык жана инвестордун кысылбай, ээн-эркин болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө даяр. Бизде бардыгы орус тилинде сүйлөй алышат, ал эми балдарыбыз сүйүүсүн Пушкин менен Лермонтовдун тилинде билдиришет. Лениндин бир дагы эстелигин жок кылып, алып салган жокпуз, тескерисинче, пионер уюмунун 100 жылдыгын белгиледик. Биз өткөн нерсе менен кармашпайбыз, биз аны урматтайбыз. Өткөн чагыбыз жакшы болгон", — деди Жапаров.