Жапаров ККМге каршы митингге чыккандардын маселеси кандай чечилерин айтты

Жапаров эсеп-фактура, ККМ кимдерден талап кылынарын түшүндүрүп, патент боюнча маселени карап көрүүнү убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМге каршы митингге чыккандар менен жолугуп, алардын маселесин кандай чечиле турганын түшүндүрүп берди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-июнда, президенттик администрациянын алдына кассаны көзөмөлдөгөн машиналарды (ККМ) колдонууга каршы болгон ишкерлер митингге чыгышты. Болжол менен 300дөй киши чогулду.
Акылбек Жапаров митингчилерге чыгып, алардын оюн укту. Сөз сүйлөгөндөрдүн көбү чакан дүкөн иштетерин айтышып, ККМ менен эсеп-фактураны жоюп, аларга патентти эле калтырууну суранышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы эсеп-фактура, ККМ кимдерден талап кылынарын түшүндүрүп, патент боюнча маселени карап көрүүнү айтты.
"Патент боюнча мага 10 кишини шайлап бергиле, чогуу отуруп баасын бекители. Салык бутунан туруп калгандарга эле салынат. Эсеп-фактура болсо товар өндүргөн ишкерлерден гана талап кылынат. Айрымдар вагон менен арак жүктөп келет дагы түнү менен таратып туруп мен эч нерсе алып келген жокмун дейт. Эсеп-фактура менен ККМди арак, чылым, мунай, дары, алтын саткандардын баары сөзсүз колдонот. Тамак-аш саткандарды, кичинекей дүкөндөрдү бошотуп койгонго даярмын. Патент боюнча 10 киши менен иш алып барабыз, ага чейин ККМди дагы, эсеп-фактураны да токтото турабыз. Буга 10 күнгө мораторий жарыялап жатабыз. 10 күндүн ичинде патенттин суммасын карайбыз", — деди Жапаров.
Ал айрым соодагерлердин чакан бизнеси менен өзү барып тааныша турганын кошумчалады.
ККМди түшүндүрдү… Садыр Жапаровдун "Дордой" менен "Ош" базарды кыдырган видеосу