Белгилүү мамлекеттик, саясий ишмер Абды Сүйөркуловдун өмүрү жана ишмердиги тууралуу анын небереси, Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчисинин орун басары Нурлан Сүйөркулов Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Сүйөркул дыйкандардын чарбасында жалданып иштеген. Энесинен эрте ажыраган Абды жетимдер үйүндө тарбияланып, ал жактан орус тилин өздөштүрүп, 14 жашында эле Россиядан келген экспедиция менен жергиликтүү калктын котормочусу болуп иштеген. Кийин Фрунзедеги соода жана контролдук мектепте билим алып, 1930-жылы Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга даярдоо курсунан өткөн. Москвадагы пландык экономика институтун кыска убакытта аяктоого жетишет. Ал эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы Керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү бир топ тепкичтерди басып өткөн. Абды Сүйөркулов 1992-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин орун басары Нурлан Сүйөркулов
© Фото / предоставлено Нурланом Суеркуловым
— Алгач Абды Сүйөркуловдун ата-теги тууралуу маалымат берсеңиз?
— Чоң атамдын атасы Сүйөркул молдо болгон. Ал уулун Абды деп атаптыр. Себеби бул ысым араб тилинен "Кудайдын кулу" деп которулат. Ал эми Сүйөркул — Алланын сүйгөн пендеси дегенди билдирет. Экөөнүн ысымдары бири-бирине айкалышканы бекеринен эмес болсо керек деп ойлойм. Чоң атам саяк уруусунун даңктуу өкүлү. Эс тартып калган учурда чоң атамдан жети атамды сурасам, 15чи атама чейин айтып берген. Өзү молдонун баласы болгондуктан араб тилинде жазганды билчү. Таятамдын агасы, белгилүү мамлекеттик жана илимий ишмер Курман-Гали Каракеев экөө курдаш жана үзөңгүлөш болгон. Алардын мууну кыйын кезеңде билим алды. Анткени граждандык согуш жаңыдан бүтүп, социалдык-экономикалык реформалар башталган. Буга карабастан 1920-жылдары Бакуда өткөн түркологдордун 1-конгрессинен республиканын жетекчилиги элдин сабатын жоюу үчүн латын алфавитин жайылтып тамга тааныткан. Андан кийин эл кириллица тамгасы менен окуганды жана жазганды үйрөнөт. Чоң атам өмүрүнүн акырында мага насаат катын араб арибинде жазып калтырды. Бүгүнкү күндө ошол кат жеке архивимде бар. Ал киши кыргыз жаштарынын ичинен алгачкылардан болуп Москвадагы Георгий Плеханов атындагы Эл чарба институтунда окуган. Белгилей кетүүчү жагдай, ал карьерасын партиялык кызматтан эмес, чарба жумушунан баштаган. Карапайым элдин турмушун жакшы билгендиктен эң ириде калктын көйгөйүн чечүүгө умтулган.
Белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Чоң апаңыз менен кандайча таанышып калган?
— Чоң апамдын аты Ширинкан. Анын төркүнү мурдагы Үч-Терек районунан экен. Абдан сулуу, анан каада-салтты карманган айым болгон. Ал Кетмен-Төбөдө атагы чыккан Сыдык болуштун урпагы. Анан да ал киши мусулманчылыктын тартибин катуу карманчу. Экөө баш кошолу дегенде чоң апабыздын төркүнү чоң атамды анча жактырбай койгондуктан байбичесин ала качып үйлөнөт. Бирок кийин кайындары күйөө баласы менен аябай сыймыктанганын жашырган эмес. Чоң энебиз бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап жашап өттү. Экөө төрт уулду тарбиялап, тогуз неберени чоңойтушту.
Жалал-Абад облустук Эл депутат аткаруу комитетинин төрагасы Абды Сүйөркулов (биринчи катарда)акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаев (1-катарда биринчи) фронтко Кыргызстандан бир эшелон белек алып барган учуру. 1943-жыл.
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Каардуу жылдар аталган репрессия маалында үй-бүлөсү менен кичи мекенине көчүп кетип аман калгандыгы айтылат…
— Ооба, ошондой окуя болгон. Бала кезимде бул тууралуу үйдөгүлөрдөн уккам. 1930-жылдары репрессия күч алып турган учурда жоро-жолдошторунун бири келип "Абды, баланча досубузду "Воронокко" алып кетиптир. Эртең сага же мага келет" дейт. Ошол кезде чоң атам Эл комиссариатында салык тармагын жетектеп турган экен. Аны угуп өзүнүн туулган айылы Торкенге келинчегин жана кичинекей баласын атка мингизип алып дароо көчүп кетет. Барып жөнөкөй дыйкан катары жер иштетип эмгектенген. Бирок көп өтпөй айылдаштары атамдын билимин, ишмердигин эске алып колхоздун башкармасы кылып шайлашат. Ошол колхоз "Жаңы тилек" деп аталчу экен. Айткандай эле ал колхоз чоң атамдын жашоосуна жаңы доор, жаңы заман алып келет.
Сүйөркулов: чоң апам Ширинкан бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап жашап өттү
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Чүйгө кантип келип калышкан?
— Атам дароо эле Фрунзеге барган эмес. Ал алгач Токтогул, Талас облустарынын каржы бөлүмдөрүн жетектеп жүрдү. Дал ошол 1930-жылдардын соңунда Жалал-Абад облусунун эл депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Кийин КПБКнын жетекчилигине көрсөтүлгөн.
— Абды Сүйөркуловдун Улуу Ата Мекендик согушта да мекенге кошкон салымы чоң болгондугу маалым.
— Согуш жаңы башталганда чоң атам Жалал-Абад облусунун Эл депутат аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган. Чарба тармагын жетектеп, "бардыгы фронт үчүн" деген ураандын алдында кызмат кылышкан да. Кийин КПБКнын идеология жана пропаганда боюнча катчысы, анан 2-катчысы болуп дайындалган. Улуу Ата Мекендик согушта элди башкарып, азык-түлүк жагын көзөмөлдөп фронтко керек-жарактарды, жылуу кийимдерди жөнөтүп турган. Ошол эле учурда Жалал-Абадда жайгашкан Польшанын куралдуу күчтөрүнүн 5-дивизиясына көмөк көрсөткөн. Мындан сырткары, чоң атамдын Жалал-Абаддагы теги поляк качкындарга жардам берүү жөнүндөгү буйругу (документтер) архивде бар. Ал буларды ишке ашыруу үчүн Польшанын расмий өкмөтүнүн өкүлдөрү менен тыгыз кызматташкан. Мунун аркасынан ал дүйнөлүк геосаясатка да аралашып калган. Тылда эмгектенгени үчүн бир катар сыйлыктардын ээси да болгон. Мекенин сүйгөн уул катары атабыз фронтко аттануу үчүн эки-үч жолу арыз жазган. Бирок жогору жактагылар аны коё берген эмес.
Сүйөркулов: экөө төрт уулду тарбиялап, тогуз неберени чоңойтушту
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Исхак Раззаков менен жакын, сырдаш дос болгон дешет. Экөөнүн достугу качан башталган?
— Исхак Раззаков менен чоң атам жакын санаалаш жана тилектеш болгон. Жалпыга маалым болгондой, бул эки инсандын өлкөнүн өнүгүшүнө эмгеги сиңген. Булардын арты менен өлкөнүн чарбасы Улуу Ата Мекендик согуштан кийин калыбына келтирилди. Ошол эле учурда илим менен маданият жааты өстү. Билим берүү жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Экөө биригип кыргыздын келечектеги интеллигенциясын колдоп, өстүрүштү. Чоң атам Раззаков тууралуу жалаң жакшы сөздөрдү гана айтчу. Алар орто мектептерде балдарга ысык тамак берүүнү иш-жүзүнө ашырышкан. Анткени экөө тең бир кезде жетимдик менен жокчулуктун азабын тартып чоңоюшкан. Жогорку окуу жайларда кыргызстандык кадрларды даярдоо боюнча орундарды көбөйтүшкөн. Ошол эле убакта жаштардын университет менен институтка ийгиликтүү өтүүсү үчүн даярдоо курстарын ачышкан. Себеби көп жаштар өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн улам орто мектептен жакшы билим албай калышкан. Жаштар кайрадан орто мектептин программасын кайталап окуп, борбордук окуу жайларга жеңил өтүп, ийгиликтүү аякташкан. Мунун натыйжасында Кыргыз ССРинин кадрлар маселеси оң жолго коюлган. Чоң атам тирүү кезинде эң акыркы маегин журналист Мундузбек Тентимишевге бериптир. Ошол маегинде атамдын "Исхак Раззаков экөөбүз "республикабыз уникалдуу" деп сыймыктанар элек" деген сөзү бар. Экөө жети кант заводун, алты ГЭС курууну пландашкан. Ош Жибек комбинаты өңдүү бир нече жеңил өнөр жай ишке киргизилген. Алардын уюштургуч жөндөмдүүлүгүнүн арты менен Төө-Ашуу тоннели, ири заводдор курулуп, троллейбус зымдары орнотулуп, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театры курулган.
Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин түптөлүшүнө Искак Раззаков менен чоң атамдын салымы зор. Бишкек — Ош жолун салуу боюнча чогуу чечим кабыл алышкан.
Сүйөркулов: Исхак Раззаков менен чоң атам жакын санаалаш жана тилектеш болгон
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Төрт уулу төрт багытта иштептир. Улуусу геолог, экинчиси чекист, үчүнчүсү экономист, ал эми төртүнчүсү социолог болгон дешет. Өзү чоң кызматта турса да уулу Эркин Афганистанга согушка, кийин Чукоткада чек арачы болуп, андан соң мекенине кайтып келгендиги айтылып келет.
— Ооба, туура. Чоң атам төрт татыктуу уулду тарбиялаган. Менин атам Эрке экономист. Ал Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде окуп, анын илимий жетекчиси Москванын биринчи мэри Гавриил Попов болгон. Атам өмүрүнүн көп бөлүгүн Бишкектеги политех жана экономика институтунда иштеп, кийин АСУда эмгектенди. Тилекке каршы аз жашады. Өмүрүнүн акырында, 1990-жылдардын башында бизнес менен алектенип калды. Чоң атамдын улуу баласы Эмил да атасынын этегине жашынгандардан эмес. Ал агабыз Москва мамлекеттик университетин (МГУ) артыкчылык диплому менен аяктаган. Студенттик жылдарында Москванын бокс боюнча чемпиону болгон. Убагында Казакстандын дың жерлерин эгин айдоого өздөштүрүү үчүн өз ыктыяры менен барып кызмат кылгандардан. Кийин Кыргызстанга кайтып келгенде бир катар илимий эмгек жазып, окуу жайларда сабак берчү. Ал трибунада илимий эмгегин окуп жатып кулап, ошону менен кете берди. Атамдын улуу агасы Эркин биринчи кесиби боюнча чек арачы болчу. Ал Мургаб чек ара отрядынын чалгын бөлүмүн жетектеген. Себеби жогорудагы райондун жанында дүйнөлүк геосаятта абдан стратегиялык мааниге ээ Вахан коридору жайгашкан. Ошондуктан агабызды жетекчилик кылууга так ушул аймакка жиберген. Бүгүнкү күндө да анын Мургаб районундагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар жашыруун сыр. Афганистандагы согушта жети жыл сегиз ай кан кечип, жарат алган. Бул кандуу тирешүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече аскердик орден менен сыйланат. Эркин акем өзгөчө "Эрдик үчүн" медалы менен абдан сыймыктанчу. Ал афган согушунан кийин полковник наамын алып, Чукотка чек ара отрядынын чалгын бөлүмүнүн жетекчиси катары кызматын уланткан. Ошол эле убакта Москвада бажы боюнча жогорку окуу жайын сырттан бүтүргөн. Чукоткада бажы кызматында да иштеп калат. Кыргызстан эгемендүүлүк алганда ушул тармакка которулуп келет. Ал Кыргызстандын бажы кызматын түптөөгө чоң салым кошкон. Эркин акем жогорудагы кызматтын генерал-майор наамына чейин жеткен. Ал эми эң кичүүсү Энвердин кесиби социолог. Ал киши да өз убагында илим менен алектенип, президенттик аппаратта да иштеди. Кыргыз ТИМинин дипломатиялык сервис ишканасынын негиздөөчүсү жана биринчи жетекчиси болгон. Ал бул ишкананы учурунда гүлдөткөн. Азыркы кезде эл аралык долбоорлор менен иш алып барат.
Абды Сүйөркулов небереси Нурлан Сүйөркулов менен
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Абды Сүйөркуловду табиятынан байлыкка өтө жулуна бербеген адам болгон дешет.
— Чоң атам абдан токтоо киши эле. Эң негизгиси адамдын ички дүйнөсү маанилүү деп эсептечү. Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн "башыңда кийип турганың эмес, башыңдын ичиндеги нерсе маанилүү" деген сөзүн көп кайталаган. Чоң атам коррупция менен кошоматчылыкты жактырбаган адам болчу. Туугандарын бийликке жакындаткан жок. Бирөөсүн да кызматка койбоду. Ал эли үчүн ак дилинен кызмат өтөдү. Өмүрүнүн аягына чейин китеп көп окуду. Жакын достору Төрөбай Кулатов, Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков менен маектешип, чогу шахмат ойношчу. Түгөлбай ата, Темиркул ата болуп Токтогулга чейин барышкан. Алар менен кошо мен да эрчип баргам. Ал киши татыктуу өмүр сүрдү. Ар бир адамга урмат менен мамиле жасачу. Ошон үчүн элдин сүймөнчүк уулу деп атасам болот.
Абды Сүйөркулов балбан жана мамлекеттик ишмер Кожомкул Каба уулу менен, Суусамыр өрөөнү. 1949-жыл
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
— Мындан 10 жыл мурун Абды Сүйөркуловдун 100 жылдык мааракесин эл көтөргөндүгүн билебиз. Бул кандайча болду эле?
— Быйыл чоң атамдын 110 жылдыгы белгиленет. Ооба, он жыл мурун 100 жылдык мааракеси өткөрүлдү. Чынында аны эл көтөрдү. Ага чейин ал кишинин аты унутулуп калган. Ортодо 20 жылдай эч ким эстеген жок. Убагында "Кетмен-Төбө" коомдук уюмунун жетекчиси Калмурат Садиев, Турдакун Усубалиев, Күлүйпа Кондучулова жана Жалил Садыков баштаган аттуу-баштуу аксакалдарыбызга кол койдуруп жогору жакка кат жазгам. Анан ал кат эмнегедир убагында каралбай калат. Кийин-кийин шаардык мэрияга эстеликке ылайыктуу жер табуу, ал эми аталган уюмга каражат табуу милдети тапшырылат. Андан кийин атабыздын 100 жылдыгына тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүп, маараке мыкты деңгээлде белгиленген. Негизи мындайда туугандары чуркайт, чоң атабызда эл чуркады. Натыйжасында мамлекетибиздин түптөөчүлөрүнүн аллеясына бюсту орнотулду. Токтогулда чоң атамдын урматына түрдүү ат оюндары өттү. "Кеменгер" деген фильм да чыгып элге көрсөтүлдү. Бирок бир да окуу жайга, мекемеге аты берилген жок. Быйыл 110 жылдыгында да мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралардын тизмесинен чоң атамдын ысымын тапкан жокмун.