Кыргызстанда темир жол кантип курулган? Тарыхый ирмемдер

Быйыл Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин өлкөдөгү темир жолу кантип курулганына кызыгып көрдү.
Sputnik
Өлкө аймагында алгачкы поезд өткөн кылымдын башында каттай баштаган. 1924-жылы Казакстандын Олуя-Ата станциясынан Кыргызстандын Пишпек шаарындагы станцияга чейинки темир жол салынып, ага миңдеген кыргыз, казак тургундар катышкан. Андан соң "Кант — Токмок", "Токмок — Рыбачье" темир жолдору курулган. Ал жылдары поезд жүк ташуучу негизги каражат катары колдонулуп, азык-түлүк, тамак-аш, кийим-кече, тактай, көмүр, айыл чарба продукцияларын, өндүрүшкө керектүү жабдууларды, жүргүнчүлөрдү ташыган. Азыр республикадагы темир жолдун узундугу 424,6 чакырымга жетет, алар коңшу Казакстан, Өзбекстан менен байланышат.
1 / 14

Кант — Быстровка темир жолунун курулушу. 1940-жыл

2 / 14

Кыргызстандагы көпчүлүк темир жол ашар жолу менен салынган

3 / 14

Темир жолдун курулушуна катардагы жарандар катышып, керектүү адистер башка республикалардан чакыртылган

4 / 14

Кызуу иштеген дыйкандар. Курулуш иштерине кыз-келиндер да катышкан

5 / 14

Курулуш иштери кышкысын дагы жүрүп, согуш маалында токтогон эмес

6 / 14

Темир жолдун курулушу. Балыкчы станциясы

7 / 14

Кант — Токмок темир жолунун курулушу. 1948-жыл

8 / 14

Быстровка — Рыбачье айланма темир жолундагы поезддер. 1969-жыл

9 / 14

Союз маалында темир жол жүк жана жүргүнчү ташууда кеңири колдонулат. Сүрөттө Рыбачье станциясынын жумушчулары, 1966-жыл

10 / 14

Пишпек станциясындагы поезддер. 1965-жыл

11 / 14

Союздук республикаларга каттаган поезддер Фрунзе вокзалында

12 / 14

Паравоздун эң алгачкы аял-машинисти Аписа Өмүрова. Фрунзе шаары, 1949-жыл

13 / 14

Балыкчы шаарында жайгашкан товардык станция. 1963-жыл

14 / 14

Союз маалында курулган темир жолдор азыркыга чейин кызмат кылып келет

Тема боюнча:
5 млн. адам кулчулукка кеткен. Ааламды апаатка салган Улуу Ата Мекендик согуш
Жер айдап, эгин жыйнап, ноопаз минген кыргыздар. 100 жыл мурунку сүрөттөр
Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери