БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жума күнү Улуттук банк валюта рыногунан 33,7 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу аталган финансы регулятордун сайтында маалымдалган.
Ачык маалыматтарда 2010-жылдан берки сандар сакталган, аларды салыштыра келгенде бул сапар сатып алууну рекорддук деп эсептесе болот. 2016-жылы апрелде да ири суммада операция жасалган, бирок кечээкиге жеткен эмес, тагыраагы, 22 миллион доллар болгон.
Буга чейин башкы банк чет элдик валютаны бир нече ирет сатып алган, бирок быйыл көбүрөөк жасай баштады. Жалпысынан кеп 80 миллион доллар тууралуу жүрүп жатат.
Башкы банк улуттук валютанын рынокто кескин өзгөрүп кетишин ооздуктап жана суроо-талап менен сунушту теңдештирип туруш үчүн аны сатып, кайра сатып алып турат.