Дарыгер кондиционердин ден соолукка кооптуулугун айтты

Терапевт кондиционер терини да кургатып жиберерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кондиционер жүрөк-кан тамыр, ревматоиддик артрит оорулары менен жабыркагандар үчүн кооптуу болуп эсептелет. Бул тууралуу терапевт Людмила Алексеева билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
Медик аллергиялык ринит жана астмасы барлар да өтө этият болушу керектигин айткан.
"Бөлмө ичинде аба алмашпай, узак убакытка циркуляция болгондо аллергендердин концентрациясы жогорулайт. Анын үстүнө кондиционер көпкө иштеп турганда аба кургап да кетет. Муздак абадан бул дарттар курчуп кетиши мүмкүн", — деген дарыгер.
Терапевт кондиционер терини да кургатып жиберерин кошумчалаган.
Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек? Министрлик сунуштаган 10 кеңеш