WSJ: Россиядан кеткен эл аралык компаниялар 59 млрд. доллардан кур жалак калышты

Экспертин айтымында, убакыттын өтүшү менен компаниялардын жоготуусу мындан да көп болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиядан кеткен эл аралык компаниялар санкциялардан улам 59 миллиард доллардан кол жууган. Мындай жыйынтыкка Wall Street Journal гезити финансылык документтерди карап чыгып келди.
Эл аралык компаниялардын басымдуу бөлүгү Россия аймагындагы ишмердүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай токтоткон. Экономиканын алсызданышынан жана жергиликтүү кардарлардын азайганынан улам россиялык активдеринин баасы төмөндөп кеткен. Бул ишкерлерди чыгашага учураткан.
Мисалы, Россиядагы бизнесин саткандан кийин McDonald's түйүнүнүн бухгалтердик чыгымы эле 1,2-1,4 миллиард долларды түзөрү айтылууда. Ал эми нефтегаз жаатындагы ExxonMobil компаниясы ишмердүүлүгүн токтоткон соң 3,4 миллиард долларлык чыгымга учураган. Сыра чыгарган Anheuser-Busch InBev SA компаниясы чогуу иштеген AB InBev Efes ишканасы менен ажырашкандан кийин 1,1 миллиард доллар зыян тартканы маалым болду.
Kroll LLC компаниясынын консалтинг боюнча директору Карла Нюнстун айтымында, убакыттын өтүшү менен аталган компаниялардын жоготуусу мындан да көп болот.
АКШда күйүүчү май кымбаттап фермерлердин чөнтөгүн жукартууда