БУУ Украинадагы абалдан улам дүйнөлүк ачарчылыктын масштабын божомолдоду

Жер семирткичтин кымбатташынан улам айыл чарба продукциясын чыгаргандар өндүрүштү кеңейтпейт, мындан улам кырдаал начарлагандан начарлай берет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 2022-2023-жылдары дүйнөдө ачарчылыктын азабын тарткандардын саны Украинадагы кырдаалдан улам 11-19 миллион адамга өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) рынок жана соода бөлүмүнүн директору Бубакер Бен-Бельхассен айтканын "Ридус" жазды.
Анын айтымында, кыйынчылыкка көбүрөөк Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка кабылышы мүмкүн, себеби бул эки аймак буудайдын, өсүмдүк майынын импортунан катуу көз каранды. Бубакер Бен-Бельхассен азыркы кризис Сахарадан түштүктү көздөй жайгашкан Африка өлкөлөрүнө, ошондой эле Бангладеш менен Индонезия кирген Азия мамлекеттерине таасир эткенин белгилеген.
Жер семирткич жана башка айыл чарба товарларынын кымбатташы өндүрүштү кеңейтүүгө кедергисин тийгизери айтылууда. ФАО дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүндөгү абал начарлагандан начарлай берерин белгиледи.
БУУ: Украинадагы жаңжалдан улам 15 млн. адамды ачарчылык тоорушу мүмкүн