Баштын оорусу жайында эмне себептен күч алат? Неврологдун пикири

Медиктин айтымында, дени сак адам колдон келсе күнүнө эки литрден суу ичип турушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Невролог Павел Хорошев жайында көп адамдын башы ооруй турганын айтып, муну организмге суу жетпей жаткандыгы менен байланыштырды. Адистин пикири РИА Новостиге жарыяланган.
"Жайында адам көп тердейт. Тер менен организмдеги суу дагы чыгып кетет. Ошол себептен ысыкта организмге суу жетпегенден улам баш көп ооруйт. Суу аз ичип же таптакыр ичпей койгон учурда кандын айлануусу начарлап, органдарга кан жакшы жетпей калат. Анын ичинде энергияны көп керектеген мээ дагы бар. Ошол себептен баш ооруйт. Жайында баш оорунун 90 пайызы адамдын сууну аз ичкендиги менен байланыштуу", — деген невролог.
Медик белгилегендей, ден соолугу жакшы адам жайкысын күнүнө эки же эки жарым литр суу ичкени туура. Бирок айрым оорусу барлар сууну этияттап ичкени оң.
Гинеколог муздак сууга түшүү аялдын ден соолугуна кандай таасир этерин айтты