Жалал-Абадда быйыл 30га жакын мектепте ысык тамак берүү пландалууда

Долбоордун алкагында мугалим, ашпозчулар жаңы стандарт менен тамак берүү боюнча окуудан өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Быйыл Жалал-Абад облусунда 30га жакын мектепти ысык тамак берүүгө өткөрүү пландалууда. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Мерсико эл аралык уюмунун "Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу" программасынын өкүлдөрү менен жолугушкан.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Мерсико менен биргеликте беш жылдык программаны ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганы айтылды. Анын алкагында облустагы 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт.
"Программа тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары мектептердин инфраструктурасын жакшыртууга жана тамактануу жайларын эл аралык стандарттарга ылайык жабдууга көмөктөшөт. Ошондой эле ысык тамак уюштуруу боюнча башталгыч класстын мугалимдерин, ашпозчуларды жана мектеп жетекчилерин окутуудан өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 2017-жылдан бери Жалал-Абадда аталган программанын көмөгү менен 108 мектепке ысык тамак берүү уюштурулганы кошумчаланды.
Кыргызстандын мектептерине диндердин өнүгүү тарыхы предмети киргизилет