Таштандыдан жер семирткич алынат. Катарлык компания Бишкекке долбоор сунуштады

Компания таштанды полигонунун аймагына таштандыны кайра иштеткен 30 чакан комплекс орнотууга даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Катарлык компания Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жолу менен жер семирткич жана электр энергиясын алса болорун айтып, бул боюнча долбоорун сунуштаганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Катарлык компания Бишкекте таштандыны кайра иштетүү жолу менен жер семирткич жана электр энергиясын алса болорун айтып, бул боюнча долбоорун сунуштаганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров компания өкүлү менен жолуккан

3 / 3

Мэр кызматташууга даяр экенин айтып, компания өкүлдөрүнөн долбоорду ишке ашыруудагы так сунуштарын сураган.

Билдирмеге караганда, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров компания өкүлү менен жолуккан.
"Долбоорду тааныштыруу учурунда компания таштанды полигонунун аймагына таштандыны кайра иштеткен 30 чакан комплекс орнотууга даяр экени маалым болду. Кийин аны кайра иштетүүдөн электр энергиясы жана жер семирткич алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мэр кызматташууга даяр экенин айтып, компания өкүлдөрүнөн долбоорду ишке ашыруудагы так сунуштарын сураган.
22 млн. евронун дайыны жокпу? Бишкектеги таштанды жай боюнча комиссия түзүлөт