Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Попаснаядагы куралдуу кармаштын кесепети. Урандыга айланган шаардын видеосу

Кадрга иштен чыккан техника жана көчөнүн ар кайсы жеринде жаткан бөлүктөрү тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Попасная шаарындагы куралдуу кармаштын кесепетинен үйлөр урап, жараксыз болуп калган.
RT жарыялаган видеодон көрүнүп тургандай, көп кабаттуу үйлөрдөн эч нерсе калган эмес. Имараттардын дубалдары урап, өрт чыккан.
"Бул талкаланган жайларда улутчулдар баш калкалап турган", — деп айтылат маалыматта.
Кадрга иштен чыккан техникалар жана алардын сынган бөлүктөрү көчөнүн ар кайсы жеринде жатканы тартылган.
"Акыркы күндөрү артка чегинген Украинанын куралдуу күчтөрү Попасная шаарын башаламан аткылап жатат. Аскерлер АКШдан келген куралдарды колдонууда", — деп жазды RT.
Попасная 9-майдан тарта ЛЭРдин көзөмөлүндө. Бул убакыт аралыгында украиналык аскерлер аймакты аткылоодо. ЛЭРдин коргонуу ведомствосунун расмий өкүлү Иван Филипоненконун айтымында, украиналык жоокерлер артиллериялык соккуларды жасап, объектилер менен инфраструктураларды талкалап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада ок-дарылар дээрлик түгөнгөнү айтылды