УКМК Марат Казакпаевдин эмнеден улам каза болгону тууралуу маалымат берди

УКМК саясат таануучунун жактоочулары соңку убакта ооруканага жаткырууну сурап кайрылбаганын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Саясат таануучу Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, сунушталган дары-дармекти алып, абалы канааттандырарлык болгон. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Казакпаев ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясына "жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия" диагнозу менен жаткырылган. Ошондой эле ал 25-майда Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология борборунда комплекстүү текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин консилиумунан кийин дарылоо башталганы белгиленди.
"19-майдан 9-июнга чейин Марат Казакпаевдин адвокаттары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, ал сот процесстерине өзү катышып жүргөн. 9-июнда эртең менен абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу УКМКнын демилгеси менен Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага "геморрагиялык инсульт" деген диагноз коюлган. Ооруканада жаткан саясат таануучу 10-июнда саат 14:31де мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуудан каза болду", — деп айтылат малыматта.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Марат Казакпаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Эске салсак, Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, былтыр 14-апрелде кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн. Саясат таануучу УКМКнын тергөө абагында отурган эле.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды