Ошто каргашалуу Июнь окуясында набыт болгондор эскерилди. Сүрөт

Митинг-реквиемге бийлик өкүлдөрү жана жакынын жоготкон адамдар катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында набыт болгондор эскерилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында набыт болгондор эскерилди

2 / 4

Калаада митинг-реквием өтүп "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти

3 / 4

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты

4 / 4

Эскерте кетсек, 2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн.

Билдирүүгө ылайык, калаада митинг-реквием өтүп "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.
"Элибиз эзелтеден биримдикти, ынтымакты жогору баалап келген. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун. Ош шаарынын мэриясы июнь коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана дайынсыз жоголгондорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр", — деди вице мэр.
Эскерте кетсек, 2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Бул эл арасында "Июнь коогасы" деп айтылып калды. Расмий маалыматтар боюнча, каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Күнөөлүү тараптарды аныктоо үчүн 11 жылдан кийин кылмыш иши кайра жанданып, Башкы прокуратура иликтеп жатат.
Июнь окуясы көп нерсеге көзүбүздү ачты. Садыр Жапаровдун кайрылуусу