Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Дем алыш күндөрү кээ бир жерлерге жамгыр себелесе, айрым жерлерге катуу жаайт. Бирок күн ысык болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягындагы эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, дем алыш күндөрү айрым аймактарга жаан жаашы ыктымал. Бишкекте да күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы 30...32 градуска чейин ысыйт.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө эки күн катары менен жаан, бийик тоолуу жерлеринде кар жаай турганы айтылды. Анткен менен абанын температурасы 30 градустан жогору болот.
Талас облусунун аймактарында да өткүн өтүп, жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы 28...30 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында да эки күн катары менен өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-июнда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Күндүн табы 36 градуска чейин жетип, ысык болору айтылды.

Нарын, Ысык-Көл облустары

11-июнда Ысык-Көлдүн кээ бир аймактарына өткүн өтүп, жаан себелеши ыктымал. Бирок абанын температурасы 24...29 градус ысык болот. Ал эми 12-июнда жамгыр жаайт. Нарында дагы эки күн жамгыр жаай турганы айтылды. Ишембиде күн 27 градуска чейин ысыйт.
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы