Быйылкы "Үмүт" сынагына 16 кинофильм катышат

Сынакка алып келине турган эмгектердин арбыны 2022-жылы тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. КМШ жаш киночуларынын "Үмүт" эл аралык форумунун IX улуттук сынагы 19-23-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Бул туурасында Кинематографияны өнүктүү фондунан кабарлашты.
Ага мурдагы СССРден, КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн киночулар катышмакчы.
Маалыматта "Үмүткө" жаш режиссерлордун даректүү жана башка жанрдагы 16 кинофильмин алып келишери айтылды. Алардын дээрлик бардыгы быйыл жаралган картиналар.
Форум-сынакты Кыргызстандын Кинематография департаменти уюштуруп жатат.
Никита Михалков Бишкектеги форумда Евразия киноакадемиясын түзүүнү сунуштады