Мэрия Бишкекте көйгөй жараткан жылуулук түтүктөрү тууралуу кабарлоого чакырды

Учурда пландык негизде оңдоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы суу түтүктөрүн пландык түрдө оңдоо иштерин 13-июнга чейин жүргүзөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай жумуштар жылуулук сезонуна чейин түтүктөрдү сыноодон өткөрүп, мүчүлүштүктөрдү алдын ала жоюу үчүн жасалып жатканы айтылды.
"Сыноо учурунда суу түтүктөрү жарылып, жолдор оюлуп, суу капташы мүмкүн. Оңдоо иштери жүрүп жаткан жерде авариялык бригада болот. Эгер кандайдыр бир мүчүлүштүк аныкталса, бригада тилкедеги жылуулук тармагын ыкчам түрдө өчүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Борбор калаа мэриясы элди этият болууга жана түтүктөр жарылган учурларды көрсө "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын диспетчердик кызматына чалууну өтүнөт. Күбөлөр (0312) 56-85-58 номери же Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна 1980 кыска номери аркылуу кайрылса болот.
Сыноо иштери жыл сайын милдеттүү түрдө жасалып келери белгиленди.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн киоск менен павильондор алынат