БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
Саясат таануучу бүгүн, 10-июнда, каза тапты. Кечээ ал УКМКнын тергөө абагынан эс учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратты. Анда 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганы белгиленген.
Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, былтыр кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.