БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Донецк жана Луганск элдик республикалары менен Украинанын жашоочулары үчүн кезектеги миң тоннадан ашык гумжардамын жеткирди.
Sputnik Жакынкы чет өлкө Telegram каналы жарыялаган видеодон азык-түлүк жүктөлгөн транспорттордогу кутулар кампага ташылып жатканын көрүүгө болот.
Жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, дары-дармек жана күнүмдүк жашоого керектүү буюмдар берилмекчи.