БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. АКШнын Россияга каршы санкциялар боюнча саясаты бир нече себептен улам ишке ашпай калганын АКШны изилдөө фондунун жетекчиси Юрий Рогулевдин айтымына таянып, РИА Новости жазды.
Эксперт америкалык аналитиктер Россиянын экономикалык көрсөткүчтөрүн көп элес албай койгонун белгилеген.
"Бир эле Борбордук чалгын башкармалыгында миңдеген аналитик бар. Башка кызматтарында анализ жүргүзө турган он миңдеген киши иштейт. Алардын баары Россиянын дүйнөлүк экономикадагы ордун жана таасирин жетишерлик деңгээлде баалай алган эмес", — деди эксперт.
Рогулев аналитиктердин көптүгүнө карабай Вашингтон Россияны толугу менен кыйратууга бир эле тышкы сокку жетиштүү деген негизсиз пикирге таянганын айткан. Бирок АКШ Россиянын товарларын, сырьё жана азык-түлүктөрдү жеткирүү бири-бирине канчалык байланганын эске алган эмес.
"Россия ички дүң продукциянын номиналдык көлөмү боюнча дүйнөлүк тизмеде 11-орунда", — деген адис.
Рогулев РФтин экономикасы АКШныкына караганда реалдуу мүнөзгө ээ экендигин да кошумчалай кеткен.