БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ош облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо аземи башталып, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап, жол кырсыктарын алдын алуу максатында жер-жерлерде иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Оштогу ар бир мектепке иш-чара аяктаганга чейин милиция кызматкерлери бекитилген. Мындан тышкары, жол кырсыктарын болтурбоо үчүн эс алуу жайларында мобилдик топтор уюштурулган.
"Жашы жете электерге спирт ичимдиктерин саткандар тыкыр текшерилип, окуучу, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Шаар сыртында атайын мобилдик өткөрмө пунктулары да коюлган", — деп жазылат маалыматта.
Расмий иш-чаралар аяктаган соң милиция кызматкерлери эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында, кафе, ресторан, сейил бактарда кызмат өтөй турганы кошумчаланды.