БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети менен Улуттук банк акча төлөнүүчү бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды накталай эмес формага өткөрүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты.
Коммерциялык банктар менен төлөм аткаруучу уюмдарга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди банк картасы, электрондук акча же QR-код колдонуу менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жабдыктар менен жабдып берүү сунушталды.
"Бул нерсе мамлекеттик кызматтар үчүн акча төлөгөндөргө абдан ыңгайлуу болмокчу. Себеби адамдар төлөм жүргүзгөнү үчүн банкка комиссия төлөбөйт жана узакка созулган кезекке туруп калбайт", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Мындай эреженин максаты — акчанын айланышын ачыкка чыгаруу, көмүскө экономиканын үлүшүн төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.