Кассалык чек талап кылып жатасызбы? Жакында лотерея ойнотулат

Биринчи лоторея келе жаткан айдын биринде өткөрүлөт. Экинчиси 1-октябрга, үчүнчүсү 31-декабрга белгиленген. Ар бир лотереяда баалуу белектер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Салык кызматынын "Чекти талап кылып, байге утуп ал!" алгачкы лотереясы 1-июль күнү ойнотулат. Андыктан аталган кызмат кыргызстандыктарга соода кылып же кызматты пайдаланган соң кассалык чек талап кылуу зарылдыгын эскертет.
Эске салсак, Салык кызматы май айында лотерея ойнотуларын жарыялаган. Бул акция ишкерлерге кассалык көзөмөл тартибин камсыздоо, аларды ар бир соода кылган же кызмат көрсөткөн сайын касса чегин сөзсүз берүүгө көндүрүү максатын көздөйт. Жарандар акчаны нак же карточка менен төлөгөнүнө карабай чек берүүнү талап кылуусу керек.
Лотереяга катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
"Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп жана каттоодон өтүү;
Соода кылганда же кызматтарды пайдаланган сайын ККМден касса чегин талап кылуу;
Мобилдик тиркемеге кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү керек.
1000 сомго уникалдуу бир ID-номер (бул бир лотореяга барабар) аласыз.
Лотереяга катышуу – бул ар бир кыргызстандыктын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы.
Экинчиси 1-октябрда, үчүнчүсү 31-декабрда өтөт. Ар бир лотереяда баалуу белектер бар.
Радио
Кыдыргычов: "Чекти талап кылып, белек утуп ал!" аттуу акция уюштурулууда