Футбол: Кыргызстан — Сингапур оюнундагы кызыктуу ирмемдер

Азия кубогу-2023 боюнча тандоо этабынын алкагында Бишкекте Кыргызстан — Сингапур курама командалары беттешип, кыргызстандыктар атаандаштарын 2:1 эсебинде жеңди.
Sputnik
Оюндун экинчи таймы бүйүр кызытып, алгач сингапурлуктар бир гол киргизди. Андан соң беттеш аяктаарга аз калганда Кыргызстандын курама командасы бир нече мүнөт ичинде эки топ киргизип, оюнду жеңиш менен аяктады.
Эгерде "ак шумкарлар" киргизген голдорго кененирээк токтолсок, эсепти курама команданын капитаны Валерий Кичин пенальти менен теңеди. Андан бир нече мүнөт өтпөй Виктор Майер экинчи голду киргизип, эсепти 2:1 кылып, командага жеңиш алып келди.
1 / 12

"Ак шумкарлар" — Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары менен кичинекей балапандар. Баса, бул былтыркы жайдан берки биринчи ири оюн.

2 / 12

Сингапурдун курама командасынын оюнчулары беттеш алдында

3 / 12

Оюн талаасында кыргызстандык курама команда арткыкчылык кылганы байкалып турду

4 / 12

Мындай учурларда ар бир секунда маанилүү, кан кайнап, тер чыгып, бирок топ көздөн учкан ирмем

5 / 12

Күйөрмандар мындай масштабдагы футболду сагыныптыр. Алар ири оюнду 2021-жылдын күз айынан бери көрүшө элек болчу.

6 / 12

Биринчи таймда гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаралбай койду

7 / 12

Экинчи таймда сингапурлуктар эсепти ачты

8 / 12

Оюнду көрүүгө 7 миңден ашуун күйөрман келди. Футбол башталар алдында журналист Жанат Рыскулов арзыган кызынын колун сурап, селки баш тарткан жок.

9 / 12

Эсепти курама команданын капитаны Валерий Кичин пенальти менен теңеди. Андан бир нече мүнөт өтпөй Виктор Майер экинчи голду киргизип, эсепти 2:1 кылып, командага жеңиш алып келди.

10 / 12

Айтмакчы, Майер (алтынчы номер) командага бир нече жылдан кийин кайтып келип, анысын гол менен белгиледи

11 / 12

Го-о-ол! Кыргызстандын курама командасын колдоо үчүн президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишти.

12 / 12

Кыргызстандыктар "ак шумкарларга" үй-бүлөсү менен келип күйөрмандык кылышты

Тема боюнча:
"Ак шумкарлар" бүгүн ачык машыгуусун өткөрдү. Видео
Саналуу күндөр калды. Кыргызстандык футболчулардын машыгуусунан 11 сүрөт
Июнда Бишкекте өтчү футбол оюндары шоу-программа менен коштолот