Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык жоокерлерден бошотулган Попасная шаарынын видеосу

Попасная стратегиялык маанилүү шаар болуп эсептелет. Ал 9-майдан тарта ЛЭРдин көзөмөлүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. РИА Новостинин кабарчылары украиналык аскерлерден бошотулган ЛЭРдеги Попасная шаарын дрон менен тартты.
Видеодон көрүнүп тургандай, турак жайлар, көп кабаттуу үйлөр жабыркаган. Арасында өрттөнүп кеткендери да бар, бирок дубалдары ураган эмес.
Көчөлөрдөн бирин-серин автоунаалар, адамдар жана аскердик техника өтүп жатканын байкоого болот. Кадрлар РИА Новостинин Telegrаm каналына жарыяланды.
Попасная стратегиялык маанилүү шаар болуп эсептелет. Ал 9-майдан тарта ЛЭРдин көзөмөлүндө. Бул убакыт аралыгында украиналык аскерлер бул аймакты аткылоодо. ЛЭРдин коргонуу ведомствосунун расмий өкүлү Иван Филипоненконун айтымында, украиналык жоокерлер артиллериялык соккуларды жасап, объектилер менен инфраструктураларды талкалоодо. Мындан тышкары, алар "Ураган" реактивдүү системасын колдонгону айтылды. ЛЭР жетекчиси Леонид Пасечниктин айтымында, Попасная шаарындагы имараттардын 96 пайызы жабыркаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР менен ЛЭРге дагы миң тонна гумжардам жеткирди. Видео