Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык депутат: Батыш Украинада эмне болуп жатканын аңдай элек

Мамлекеттик Думанын депутаты Россиянын карапайым украин элине эч бир дооматы жок экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Батыш дүйнөсү дагы эле "уктап жатат", бирок жакында көзү ачылып, Украинада эмне болуп жатканын түшүнө баштайт. Бул тууралуу Россиянын Украинадагы атайын операциясына катышкан Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов РИА Новости агенттигине билдирди.
"Россиянын, Донецк жана Луганск республикаларынын аскерлери украин эли менен согушкан жок, буга миңдеген күбөлөр бар. Тилекке каршы, Батыш дүйнөсү азыр "уйкуда", бирок жакында ойгонот деп ойлойм. Президент Владимир Путиндин Россиянын Украинада атайын операция жүргүзүүдөн башка арга калбай калганын айткан. Ооба, чындап эле биз орус тилдүүлөргө болгон кордукка өтө узак мезгил чыдап келдик", — деди депутат.
Ошондой эле ал Россиянын карапайым украин элине эч бир дооматы жок экенин айтты.
"Украиндер менен каада-салтыбыз жана үрп-адаттарыбыз окшош бир тууган элбиз. Биз украин элин күнөөлөгөн жокпуз. Азыркы абалдын келип чыгышына өлкөнүн бийлиги күнөөлүү", — деди Делимханов.
Депутаттын айтымында, Батыш "Украинаны да, украин элин да ойлобойт", аларга Украина Россияны жок кылуу үчүн негизги трамплин катары керек. Муну жадагалса жогорку жакта тургандары дагы жашырбайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg АКШнын Россия боюнча "катуу мүдүрүлгөнүн" ачыктады