Депутат: Мадумаровдун колун сындыргандан мурун энергетиктерди карап койгулачы

Эл өкүлү энергетиктердин кызмат акысы төрт эсе кымбат экенине нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков "Түндүк электр" ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрү кымбат экенин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Ал Ысык-Ата айыл өкмөтү өзүнүн эсебинен электр мамыларын алганын айтып, аны орнотуу үчүн энергетиктер кымбат баа сураганына нааразы болду.
"Түндүк электрдин" кызматкерлери "27 мамычаны 61 миң сомго коёбуз" деди. Анан менин жардамчым барып ошолор эле жалдаган унаа менен 15 миң сомго коюп келди. Буларда бет деген жок. Мадумаровдун колун сындырардын алдында ошол 61 миң сом дегендерди мамынын ордуна көөмп койгулачы. Ошол кантип болсун!" — деп ызаланды депутат.
Ошондой эле ал Ысык-Ата районунда куруу зарыл болуп жаткан мектеп, бала бакча маселесин көтөрдү. Өткөн жумада Ташиев парламентте көз кысканда финансы министри менен энергетика министрине "Акбөкөн сураган акчаны берип койгула" деп ишарат кылганын божомолдоду.
Белгилей кетсек, парламенттин 2-июндагы жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаров аткезчилерди калкалап жатканын айткан. Мындан улам экөө жаакташа кетип, УКМК төрагасы депутатты "колуңду кезебей сүйлө, сындырып коём" деп зекиген.
Ошол эле жыйында Акбөкөн Таштанбеков "Кант" авиабазасынын колдонулганы үчүн канча каражат төлөнөрүн сураган. Ташиев бул суроого Финансы министрлиги жооп берерин айтып, жанында отурган министрликтин өкүлүнө ишарат берип көзүн кысканы видеого түшүп калган.
Колуңду кезебе, сындырып коём! Ташиев менен Мадумаровдун жаакташкан видеосу