БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Луганск Эл Республикасынын жоокерлерине колго түшкөн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскери мобилизация болгондон кийин командачылык менен эч кандай байланыш болбогонун айтып берди. Бул туурасында RT Телеграм каналында жазды.
"Эч кандай машыктыруу болгон эмес, чакырылгандар аскерде кызмат өтөбөптүр. Алышты да отко таштап салышты", — деген ал.
Ал азыркы кадамына өкүнбөй турганын айткан.
"Бизди окоп каздырышты, кийин тамак-аш алып келели деп барып, аткылоого кабылдык. Андан соң ЛЭР аскерлерине багынып берүүнү туура таптык. Бул кадамыма өкүнбөйм: өлбөй аман калдык", — деген ал.
Эске салсак, кечээ Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу селектордук кеңешмеде украиналык 6 489 аскер туткунга түшкөнүн айткан.