БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети кыргызстандыктарды сурамжылоого катышууга чакырат.
15-июнга чейин өткөрүлчү сурамжылоого интерактивдүү анкета аркылуу 12 суроого жооп берүү керек. Анкетаны толтурууга эки мүнөт талап кылынат.
Негизги максат — колдонуучулардын кызыгуусун жараткан маалыматтарды аныктоо. Ошондой эле маалымат алуу канчалык ыңгайлуу экенин тактап, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу көздөлүп жатат.
Толтурууну кааласаңыз шилтемеге кириңиз. Белгилей кетчү жагдай, атыңыз жашыруун бойдон калат.