Жеңиш Кыргызстанда! Сингапурлук футболчуларды "ак шумкарлар" 2:1 эсебинде утту

Оюн бир топ татаал өтүп, биринчи таймда эки тарап тең эсепти ача алган жок. Экинчи бөлүктүн соңунда кыргызстандык футболчулар активдешип эки голду бир нече мүнөт аралыгында киргизди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Азия кубогуна тандоо этабындагы Кыргызстан — Сингапур курама командаларынын беттешинде талаа ээлери атаандашын 2:1 эсебинде жеңди.
Биринчи голду Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин пенальти менен киргизип, эсепти теңеген. Андан бир нече мүнөт өтпөй Виктор Майер экинчи голду киргизип, эсепти 2:1 кылды.
Буга чейин экинчи таймдын башталышында (56-мүнөттө) сингапурдук футболчулар кыргызстандыктардын дарбазасына топ киргизип, эсепти 1:0 кылып ачкан.
Оюн аяктагандан кийин стадиондогу күйөрмандар бир нече мүнөт "ак шумкарларды" – Кыргызстандын курама командасынын футболчуларынын урматына кол чаап, ышкырып, барабан кагып, желектерди булгалап ыраазылыгын билдиришти.
Кыргызстан — Сингапур беттешинин экинчи таймы башталды