Кыргызстандагы ички каттамдардын графиги жарыяланды

Ички каттамдардын көбү Ош менен Бишкектин ортосунда аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Манас эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы Кыргызстандын ичиндеги каттамдардын графигин жарыялады.
Бишкек — Ош — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы күнүнө эки каттам аткарат;
Бишкек — Ош — Бишкек. TEZ JET авиакомпаниясы күнүнө беш ирет учат;
Бишкек — Ош — Бишкек. Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы каттамды жумасына төрт жолу, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат;
Бишкек — Баткен — Бишкек. TEZ JET авиакомпаниясы каттамды жумасына эки жолу, шейшемби жана бейшемби күндөрү аткарат;
Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек. TEZ JET авиакомпаниясы каттамды жумасына үч жолу, дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарат;
Бишкек — Исфана — Бишкек TEZ JET авиакомпаниясы каттамды шаршемби күнү аткарат.
Жайында "Манас" аэропортунан 9 өлкөгө учууга болот. Каттамдардын графиги