Радио

Карызды кайтарбагандарга кандай чара көрсө болот? Юристтин жообу

Отставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев карыз берүү жана аны кайтаруу эрежелерин айтып берди.
Sputnik
Электрондук капчык жана банктык которуулар карызды кайтарууда далил боло алат. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, негизи карыз берүүдө тил кат алып же нотариус аркылуу күбөлөндүрүү зарыл.
"Карыздын ар кандай түрлөрү бар жана бул маселе Жарандык кодексте каралган. Карыз берүүдө тиешелүү келишим түзүлүшү керек. Бул нотариус аркылуу күбөлөндүрүүсү же жөнөкөй тил кат формасында болушу ыктымал. Кийин карызды кайтарып алууда көйгөйлөр жаралса, мына ушул документтердин негизинде сотко кайрылууга болот. Айрым учурларда ортодо ишенимдүү мамиле болуп, тил кат албай карыз берген учурлар көп. Мындай жагдайда карызды өндүрүү мүмкүн болбой жатса "Алдамчылык" же "Ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу" беренелери боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу зарыл. Электрондук капчык, банк аркылуу которуулардын тарыхын тиркеп коюу зарыл. Мындан тышкары, көпкө чейин кайтарылбаган карызга пайыз чегерүүгө болот. Бул Жарандык кодекстин 360-беренесинде каралган. Эгерде тил катта пайыздын өлчөмү жазылбаса, Улуттук банктын пайызы менен эсептелип чыгат", — деди Салиев.
Юрист карыз узак убакытка чейин кайтарылбаса "колдон чыгарылган пайда" катары кошумча каражат өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.