Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык башталды. Жапаровдун старт берген видеосу

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленди. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулушка даярдык көрүүнүн башталышын билдирген жарылуу болду.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө старт берди

2 / 4

Мамлекет башчы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулушка даярдык көрүүнүн башталышын билдирген жарылуу болду

3 / 4

"Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат

4 / 4

Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

"Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВт "Датка — Кемин" аба-электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча аз чыгымга учурайт. Республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет. CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.

"Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
8 эмес 4 жылда ишке кирет. Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маалыматты өзгөрттү