Кыргызстан менен Сингапурдун футбол командаларынын беттеши башталды

Беттешти көрүүгө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да келген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында Азия кубогуна тандоо этабында Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча курама командаларынын беттеши башталды.
Бул 2023-жылдагы Азия кубогунун тандоо этабындагы F тобунун экинчи оюну. Таймаш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүдө.
Оюнду көрүүгө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да келген.
Кыргызстан курама командасынын төмөнкү курамы оюн талаасына чыгары бир аз мурда белгилүү болду:
Дарбазачы — Эржан Токотаев;
коргоочулар — Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Александр Мищенко, Бекжан Сагынбаев;
жарым коргоочулар — Алимардон Шүкүров, Гүлжигит Алыкулов, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу;
чабуулчу — Эрнист Батырканов.
Беттеш башталар алдында стадиондогуларды жандандыруу максатында кыргыз эстрада ырчылары чыгып ырдашты. Күйөрмандар алар менен кошо Кыргызстандын гимнин жана "Кыргыз жери" ырын аткарышты.
Күйөрмандар Кыргызстандын желегин көтөрүп, ары-бери булгалап, ал эми бир нече адамдын барабандар менен келип, аны менен кыргызстандык футболчуларды колдоого камданып турганын көрүүгө болот.
Кыргызстандык футболчулар 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстан менен ойномокчу.
Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын футбол командасынын тизмеси жарыяланды