Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина "тымызын соодалашмайдын" куралына айландыбы?

Украинадагы атайын операция узарган сайын Батыштагыларга өз катарындагыларды биримдикте кармоо кыйындап барат. Кыязы алар башынан эле экономикалык согушка басым жасаган өңдүү.
Sputnik
Бирок алардын эсеби акталбай калганына күбөбүз. Ал эми өз катарындагы ынтымак солгундап баратат деп баамдайт Виктория Никифорова. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Ушундай көрүнүш АКШ президенти Байдендин кадамынан байкалды. Биринчи болуп анын баштаганы да кызык. "Америка Украинада эмне аткарат, эмнелерди кылбайт?" деген темада америкалык лидердин макаласын New York Times жарыялады. Анда Украинаны эмне үчүн тонналаган курал менен жабдып жатканын түшүндүрөт.
Байден мырза залптык октун реактивдүү тутумдары, тик учак, оор учкучсуздар, стингер жана жавелиндердин баары жай максатта гана – "Россия менен уй мүйүз тартып сүйлөшүүдө Украинага болушунча ылайыктуу позицияны камсыз кылуу үчүн" берилгенин айтат.
Март айында эле РФ президенти тууралуу "бул киши кетиши керек" деген Байден кыйла жумшара түшкөндөй. "Путин мырзага кошулбасам да, анын аракеттери ачуу келтирерлик болсо да Кошмо Штаттар аны (тактан – ред.) кулатууну уюштурууга барбайт", – дейт ал аталган гезиттеги макаласында.
Ашынган акылман америкалык саясат таануучулар америкалык лидердин сөздөрүн коомчулукка чечмелей башташты. Алардын баамында АКШ президенти ушундай жол менен Украина боюнча "тымызын соодалашмайга" даяр экенин белгилеп, ушундай жол менен Москвага "белги" берүүдө.
Байдендин аркасынан РФ тарапка боор тартканын Франция президенти да катуу билдирүүгө өттү. "Согуштук аракеттер токтогон күн келет. Биз ошондо дипломатия аркылуу жол таба ала тургандай, Россияны кемсинте бербөө керек", — деген Эммануэль Макрон өз маегинде.
Мамлекеттик департамент жана Пентагондун саясий консультанты Эдвард Люттвак украиналык каатчылыктан чыгуунун бирден-бир жолу Донецк жана Луганск республикаларында референдум өткөрүү керектигин билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Россия Батыштын санкцияларынан кандай сабак алганын айтып берди
"Россияны жеңүү — бул фантастика тармагынан алынган нерсе," — деп моюнга алат эксперт. Мындан сырткары, ал айтылуу санкциялардын таасирин россиялыктар сезбей деле калганын кошумчалады. Белгилүү тарыхчы жана экономист жөнөкөй эле бир чындыкты мындайча белгилеген: "Россия өзү азык өндүрүп, өз электр кубатынын булактарына ээ".
Ошол эле учурда жай риторика да — Россияга каршы баягы эле маалыматтык согуштун уландысы. Жамааттык Батыш Россияны обочо кармоонун ордуна өзү дүйнөлүк изоляцияда калды.
Стингер, жавелиндер, Украианы үчүн миллиарддаган ленд-лиз, акылга сыйбас русофобиялык пропаганда, Россияга каршы санкциялар, тынымсыз курал менен жабдуулар... Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилерин согуш отун тутанткандар катары кабылдоодо. Буга бир чара көрүү үчүн Батыштагылар сүйлөшүү жолун жактагандарын, Россия эле өжөрлөнүүдө деген тейдеги пикирлерин айта башташты. Анткен менен Россиянын талаптарына дале кулак салына элек...
Негизи дароо кепти жумшартууга өтүү демилгелери Вашингтондо акыркы күндөрү айтыла баштаган. Бир нече күн мурун таасирдүү Foreign Affairs журналына Москва менен туура тил табышуу боюнча Байденге сунуштар тизмектелген макала чыккан. Авторлору америкалык профессор Майкл Киммэж жана мурдагы россиялык жаран Мария Липман Байдендин жана башка америкалык жетекчилердин Россиянын дарегине айтылган орой жана опуза сөздөрү орустарга кыйла эле катуу тийгенин белгилешкен.
"Россияны жеңүү же чабалдатуу жөнүндөгү кептер Батышка болгон көп орустардын мамилесин ансыз да суутат", — деп айтылат макалада. Авторлордун пикиринде Байден сылыгыраак болуп, ал эми Кошмо Штаттар "Россиядагы ички саясатка таптакыр кызыкпагандай түр көрсөтүп, бул боюнча пикирлерин айтуудан алыс болуп, эч убакта оппозициялык кыймылдар менен байланышы тууралуу айтпоого тийиш".
Канткен күндө да Россиянын Украинага да, Батыш өлкөлөрүнө да өз талаптары бар, жакса, жакпаса да аларга баарын аткарууга туура келет. Болбосо РФтин атайын операциясы коюлган максаттар аткарылганча улана бермекчи...
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы HIMARS — АКШнын Россия менен согушуна карай ташталган кадам