Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу багынган украин аскерлери, жок кылынган батыш куралдары тууралуу билдирди

Министр Украинага чет өлкөдөн алып келинген согуштук 51 техника жок кылынганын кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Луганск Эл Республикасынын аймагынын 97 пайызы бошотулду. Бул туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу селектордук кеңешмеде билдирди.
"Түндүк Донецкинин сол жээги тарабындагы Донецк жана Луганск республикаларынын бир топ бөлүгү, Красный Лиман, Святогорск шаарлары, андан сырткары, калктуу 15 пункт бошотулду", — деди ал.
Россиялык министрдин сүйлөгөндөрүнүн тезистик түрдө беребиз:
"Азовсталь" заводу жана анын жер алдындагы жолдору толугу менен минадан тазаланды;
Мариуполь менен Бердянск порттору кадимки калыбында иштеп, дан эгиндерин жүктөөгө даяр;
Святогорск (ДЭР) толугу менен россиялык аскерлердин көзөмөлүнө өттү;
Түндүк Донецкинин сол жээги тарабындагы Донецк жана Луганск республикаларынын бир топ бөлүгү бошотулду;
Северодонецкинин (ЛЭР) эл жашаган кварталдары толугу менен бошотулду, чабуул азыр Попасная жаатында уланууда;
Акыркы 10 күндө чет өлкөдөн Украинага алып келинген согуштук 51 техника жок кылынды, анын 12си ББМ, экөө РСЗО, 16сы пилотсуз учкан техникалар;
украиналык 6 489 аскер туткунга түштү;
Крымдын материктик бөлүгү боюнча кара жол ачылды;
Россиянын Донбасс, Украина, Крымдын алты аймагы менен темир жол байланышы жанданды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина "тымызын соодалашмайдын" куралына айландыбы?