Президент Сурдлимпиадага катышкан спортчуларга сыйлык тапшырды. Сүрөт

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиадада быйылкыдай ийгиликке жете элек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада (угуусу начар спортчулар үчүн комплекстүү спорттук мелдештер) оюндарында байгелүү орунга жеткен спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койгонун анын маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн XXIV Сурдлимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип келишкен. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдлимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликке жетишти.
Сыйлыктар:
1 / 2

Фархад Ушуров

2 / 2

Арам Акопян

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Фархад Ушуровго "КР дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" наамы;
ошол эле мектептин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Арам Акопянга КР Ардак грамотасы берилди.
Мындан сырткары, Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга ыраазычылык жарыяланды:
1 / 9

спортчу Азамат Мавлонов (таэквондо)

2 / 9

спортчу Алмазбек Исаков (эркин күрөш)

3 / 9

спортчу Смадияр Жумакадыров (грек-рим күрөшү)

4 / 9

спортчу Миляс Марков (грек-рим күрөшү)

5 / 9

спортчу Ильгиз Каналбек уулу (дзюдо)

6 / 9

спортчу Бермет Марсбекова (таэквондо)

7 / 9

машыктыруучу Дмитрий Пономарев (таэквондо)

8 / 9

машыктыруучу Сергей Кладнов (дзюдо)

9 / 9

Кыргыз Республикасынын улуттук курамасынын спорттук дарыгери Бактыгүл Алишева

спортчу Азамат Мавлонов (таэквондо);
спортчу Алмазбек Исаков (эркин күрөш);
спортчу Смадияр Жумакадыров (грек-рим күрөшү);
спортчу Миляс Марков (грек-рим күрөшү);
спортчу Ильгиз Каналбек уулу (дзюдо);
спортчу Бермет Марсбекова (таэквондо);
машыктыруучу Дмитрий Пономарев (таэквондо);
машыктыруучу Сергей Кладнов (дзюдо);
Кыргыз Республикасынын улуттук курамасынын спорттук дарыгери Бактыгүл Алишева.
Садыр Жапаров Бразилияда өткөн Сурдлимпиадага катышкан спортчуларды кабыл алды