Табарсыгы жарылып кеткен. ӨКМдин сабалган аскеринин абалы айтылды

Буга чейин ЖМКлар ӨКМдин аскери сабалганын кабарлап, анын ур-токмокко алынганын мекеме туугандарынан жашырып койгонун жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. ӨКМдин сабалган аскерине операция жасалды, абалы оор. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Буга чейин ЖМКлар ӨКМдин аскери сабалганын кабарлап, анын ур-токмокко алынганын мекеме туугандарынан жашырып койгонун жазып чыгышкан.
Министрдин орун басары окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Бекзат Эсенбеков ӨКМдин катардагы жоокери, Таластын тургуну. Нөөмөттө аскер кызматын өтөп жаткан. 3-июнь күнү кечинде аскер бөлүктүн командири доклад берип, Эсенбековдун пневмония болуп калганын айтты. Кийин бутунда шишик пайда болду деп Беловодское айылындагы ооруканага жөнөтсө, ал жактан Улуттук госпиталга жиберишкен экен. 4-июнда аскер Бишкек шаардык Тез жардам (мурдагы травматологиялык оорукана) ооруканасына жаткырылган. 5-июнда операция жасалып, анын табарсыгы жарылып кеткени аныкталган. Ал "туугандарына аскер бөлүктүн келишим менен кызмат кылган прапорщиги табарсыкка тээп жиберди" деп айткан. Учурда анын абалы оор. Дарылануу уланып жатат", — деди Шамырканов.

Ал бул иш боюнча тиешелүү билдирмелер Аскердик прокуратурага жөнөтүлгөнүн айтып, кызматтык иликтөө жүрүп жатканын белгиледи. Аталган иш министрдин жеке көзөмөлүндө экени айтылды. Министрдин орун басары аталган ишке тиешеси бар аскер командирлеринин баары иштен четтетилгенин айтып, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартыла турганын кошумчалады.
Москвада туугандары тарабынан сабалды деген кыз. Бийлик окуяны көзөмөлгө алды