Миграция жана Кыргызстан: 3 млн. адам, сыртка агылган кыз-келиндер

Базарбаев 3 миллиондун ичине мигранттардын бала-чакасы, үй-бүлөсү киргенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандык үч миллион адамдын тагдыры миграция менен байланышкан, негизинен сыртка аялдар көбүрөөк чыккан. Бул туурасында эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте өтүп жаткан эл аралык форумда билдирген.
Ведомствонун маалымат кызматы министрге таянып, бир катар статистикалык маалыматтарды берди.
Базарбаев жогоруда айтылган үч миллион адамдын ичине алардын бала-чакасы, үй-бүлөсү киргенин айткан.
"Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөлүк чарбага бирден мигрант туура келет. Алардын негизги орточо курагы 18ден 45 жашка чейин", — деген ал.
Миграция ирими өзүнө баары бир аялзатын, кыз-келиндерди көбүрөөк тартып жатканы маалым болду.
Кесиптик лицейлерди өзүн-өзү каржылоого өткөрүү мыйзам долбоору сунушталды
"Акыркы жылдарда миграцияда аялдардын саны өскөн тенденция байкалды. Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматына караганда, 2004-жылдан тарта кыз-келиндердин саны көбөйгөн. 2018-жылы бул жаатта эркектерге салыштырганда аялдардын эки эсе арбын экендиги аныкталды", — деди Базарбаев.
Министр Кыргызстанда алдыдагы беш жылда ишке жөндөмдүүлөрдүн саны да арбый тургандыгын айтты.
"Келерки беш жылда алардын саны 250 миң адамга көбөйөт. Ишке жөндөмдүү жаштардын агымы көп болгондуктан 2030-жылы эң жогорку чек байкалып, эмгек рыногуна чыккандардын саны болжол менен 350 миң кишиге жетет", — деген ал.
Бул жааттагы маселени чечиш үчүн министрлик мамлекеттик маанилүү делген үч орган — Экономика жана коммерция, Билим берүү жана илим, Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрликтери өз ара иш алып бара турган бирдиктүү системаны түзүүнү сунуштаган.
Анын алкагында жаңы ишканаларды ачуу, анда эмгектене турган, рынокко керектүү актуалдуу кесиптерге адистерди окутуп же кайра даярдоо, өлкөнүн экономикасын квалифицикациялуу эмгек ресурстары менен камсыздоо каралган.
Мигранттарга 8 пайыздык ипотека берилет. Акча алуунун жол-жобосу