Аба каттамын ачуу, импорт, жол. Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу учурунда
Жолугушуунун соңунда Кулубаев Ван Ини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Дипломаттар Нур-Султан шаарында "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3-жыйынынын алкагында сүйлөшкөн.
Талкууланган маселелер:
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө маани берди;
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду;
Тараптар Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу долбоорлорун жылдыруу маселесин талкуулашты;
Кыргыз — кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктулардагы соода жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүүгө аракеттенүү макулдашылды;
Кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар экенин билдирди;
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана жарандардын өз ара катташуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселелерин карашты.
Жолугушуунун соңунда Кулубаев Ван Ини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
Темир жолдун курулушу
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Жапаров ишке ашпай жаткан себебин айтты