Ош: Кара-Суудан Өзбекстандын аймагына кирген тоннель табылды. Видео

УКМКнын мыйзамсыз иш боюнча тергөө жүргүзүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргызcтан менен Өзбекстанды байланыштырган жер асты менен казылган 155 метрлик тоннель табылган.
УКМКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аны Коопсуздук комитети, Чек ара кызматы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-июнда тапкан.
Туннелдин тереңдиги 17,5 метр, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 сантиметр, жалпы узундугу 155 метрге жакын экени аныкталган.
УКМК учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Кара-Сууда Өзбекстанга жер астынан өткөн, узундугу 270 метр жол табылды. Сүрөт