Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Батыштын атайын кызматтары көзүмдү тазалайт деп чочулоодо. Себеби

Парламентарий мурдагы советтик өлкөнүн ичиндеги куралдуу каршылык көрсөтүүнү токтотууга Батыштын кызыкдар болуп жаткандыгын, андыктан Зеленскийдин көзүн тазалоо окуянын өнүгүшү үчүн тез жасалган кадам боло тургандыгын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Батыш тараптын атайын кызматтарынын же Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын кол салуусунан коркуп жеке коопсуздук чараларын күчөттү. Бул туурасында Раданын экс-депутаты Илья Кива Telegram каналына жазган.
"Зеленский кечээ украин аскерлери кол салат деп коркуп жеке сакчыларын күчөтүү тапшырмасын берди", — деп жазган саясатчы.
Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү Зеленскийдин майнапсыз башкаруусуна — жеке курамдагы жоготуулардын көптүгүнө жана украин талааларында жеңилүү арбын болуп жаткандыгына нааразы экендигин белгилеген. Мындан сырткары, экс-депутаттын белгилегенине караганда, мурдагы советтик республиканын жетекчисине Батыш тараптын ичи чыкпай жатат.
"Зеленский аны менен катар эле Украинанын катачылыктары менен жеңилиши туурасында кеп кыла баштаган союздаштарынын атайын кызматтарынан да чочулап турат", — деген Кива.
Парламентарий мурдагы советтик өлкөнүн ичиндеги куралдуу каршылык көрсөтүүнү токтотууга Батыштын кызыкдар болуп жаткандыгын, андыктан Зеленскийдин көзүн тазалоо окуянын өнүгүшү үчүн тез жасалган кадам боло тургандыгын кошумчалаган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Киевден жүз бурууга камындыбы?