Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин аскерлери чегинип баратып Мариуполь портундагы тонналаган данды өрттөшкөн

Агенттиктин кабарчысы шаардагы портко барып, эгиндин жарабай калганына күбө болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Украиналык аскерлер Мариуполь портунун кампасындагы тонналаган дан эгиндерин өрттөп кетишкен. Аны өчүргөн менен баары бир жараксыз болуп калгандыгын РИА Новости ДЭР өкмөт жетекчиси Ян Гагинге шилтеме кылып жазды.
Агенттиктин кабарчысы шаардагы портко барып, видеого тартып, эгиндин жараксыз болуп калганына күбө болгон.
"Мариуполь портунда бир топ көлөмдөгү буудай жана жүгөрү даны болгон. Сырттан карагандагы көрүнүшү жана жытынан улам көп бөлүгү андан ары колдонууга мүмкүн болбой калганын түшүнсө болот. Каршылаштар порттон чегинип бара жатканда эгин сакталган кампаны донецкиликтерге да калбасын деген максат менен өрттөп кетишкен. Аны бир нече күндөп өчүргөн менен пайда деле болгон эмес", — деп белгилеген Гагин.
ДЭР өкүлү дан эгиндерин ал тургай малга жем катары да колдонууга жарабай калгандыгын билдирген.
Видеодон үйүлгөн жана ар кайсы жерде дөбө-дөбө болуп түтөп жаткан эгинди көрүүгө болот. Маалыматта алыстан эле ыштын, күйгөн эгиндин жыты уруп турганы жазылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "Алар өз жеринде эмес". Жергиликтүү тургундардын баяны