Тоолорго кар түшөт. Кыргызстанда 12-июнга чейинки аба ырайы

Дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбай, тоолуу жерлерде жаан-чачын көп болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-майда жана 2-июнда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй облусу

7-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 8-9-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 11-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарга жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. 12-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.

Талас облусу

7-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 9-10-11-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Эртеси тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ош облусу

7-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-9-10-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 11-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонсо, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Жалал-Абад облусу

7-июнда жамгыр жаабайт. 8-9-июнда күндүз өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүшү, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылды. 11-12-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Баткен облусу

7-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-9-10-11-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 12-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ысык-Көл облусу

7-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 8-июнда жаан жаабайт. 9-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү болжолдонду. 10-11-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 12-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

Нарын облусу

7-8-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-10-11-12-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы