Жер бетиндеги сулуулугу көз талдырган ажайып жерлер. 15 сүрөт

Дүйнөдөгү көз жоосун алган эң кооз жерлерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыз.
Sputnik
Жыл сайын Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 5-июнда дүйнөдө Айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленет. Мындан улам планетанын ажайып жерлеринин сүрөттөрүн сунуштайбыз.
1 / 15

Комодо улуттук паркындагы Падан аралы. Бул аймак өзүнүн айтылуу комод кескелдириктери менен белгилүү.

2 / 15

Бразилия менен Аргентинанын чек арасындагы Игуасу шаркыратмасы — дүйнөнүн жаратылыш кереметтеринин бири

3 / 15

Байкал — Россиянын жети кереметинин бири. Бул — дүйнөдөгү таза суунун эң чоң табигый резервуары.

4 / 15

АКШдагы атактуу Гранд каньону. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген эң терең каньондордун бири.

5 / 15

Вьетнамдагы Халонг булуңу дагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген

6 / 15

Түштүк Кореядагы Чеджу аралы. Бул аймак Дүйнөлүк мурас объектиси катары ЮНЕСКОнун коргоосунда турат.

7 / 15

Камчаткадагы Гейзерлер өрөөнү. Россиянын жети жаратылыш кереметинин бири.

8 / 15

Австралиянын Чоң тосмо рифи ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет

9 / 15

Маньпупунер платосундагы мамылар. Коми Республикасы, Россия.

10 / 15

Палаван аралындагы (Филиппиндер) жер астындагы Пуэрто-Принсеса дарыясына кире берген жер

11 / 15

Амазонка токоюнун асмандан көрүнүшү

12 / 15

Везувий вулканы

13 / 15

Алтынэмель — Капчагай (Казакстан) шаарына жакын Иле дарыясынын өрөөнүндөгү "ыр дөбө". Жаан-чачын жок кезде кумдан органдын обонуна окшош үн чыгып турат.

14 / 15

Хорватиядагы Плитвице көлү, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген

15 / 15

Жансыз көлдө гезит окуп жаткан киши

Тема боюнча:
Велосипед тепкен саясатчылар: Макрондон Шварценеггерге чейинки 18 сүрөт
Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү