Акча чогулта албай жүрөсүзбү? Эске алчу үч кеңеш

Бул кеңештер жеке турмуштук тажрыйбага таянып даярдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. "Апенди бизнесмен" Telegram каналы (Sputnik Кыргызстандын долбоору) акчаны сактап, чогултуу боюнча атайын кеңештерди даярдады.
Акыркы учурда баалардын көтөрүлүшүнөн улам элдин көбү акча сактап коюу канчалык маанилүү жана керек экенин түшүнө баштады. Белгилей кетсек, Улуттук банк да калкты акча сактап коюуга үндөп жатат.
"Акча чогултууга көп эле жолу аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Ошол себептен бул кеңештер баштан өткөн тажрыйбадан улам келип чыкты", — деп жазылат каналда.
Маанилүү кеңештер:
Айлык маянаны алары менен өзүнчө акча бөлүп катып коюш керек. Эксперттер мындай учурду "биринчи өзүңө төлө" деп коюшат;
Жашоо деңгээлди анчалык төмөндөтпөй тургандай кирешенин бир аз бөлүгүн сактаңыз. Каражаттын көп бөлүгүн катып койгон болбойт;
Эгер финансылык жоопкерчилик аз болсо, анда жаныңызга көп акча салбаңыз. Сактап жүргөн акчаны да алып жүрүп албаш керек.
Улуттук банктын баалуу кагазын сатып алдым, кандай пайда көрөм? Жеке тажрыйба