БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Планета бир жылда калыбына келтирүүчү ресурстар түгөнүп, адамзат үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан тарта келечек муундан карыз ала баштайт. Бул тууралуу Россиянын Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду кабарлаганын РИА Новости жазды.
Экологиялык карыз күнүн эл аралык Global Footprint Network (GFN) уюму эсептеп чыгат. Уюмдун адистери адамдын биоресурстарды колдонуу ылдамдыгын планетанын калыбына келүү жөндөмдүүлүгү менен салыштырышат.
"Быйыл адамзат табияттан 28-июлдан тарта "карыз" ала баштайт. Былтыр 29-июлга туура келген", — деп айтылат маалыматта.
WWF фонду туристтик сезон алдында салтка айланган Экологиялык карыз күнүнө карата атайын кампания баштаганын билдирди. Ал экотуризм ураанынын алдында өтмөкчү. Фонд ресурстарды жоопкерчиликтүү пайдаланууга аны сарамжалдуу колдонуу жана туура соода-сатык жасоо эле эмес, саякаттоо учурунда адамдардын туура жүрүм-туруму да кирерин айтып берет.
Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду — бул сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды, экосистемаларды коргоо, туруктуу өнүгүү, экологиялык мыйзамдар жана агартуучулук боюнча долбоорлорду иштеп чыгып жүзөгө ашыруучу ири эл аралык бейөкмөт уюм.